Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.06.2019 19:19

Жети-Өгүздө 70 000 долларлык долбоор ишке кирди

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 70 миң долларлык долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жаргылчак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Жекшен Сулаев билдирди.

Анын айтымында, Чоң-Жаргылчак айылына ФАП, медресе жана жатакана куруу үчүн Кувейт мамлекетинен колдоолор болуп, каржы бөлүнгөн. Бүгүн, 8-июнда курулуш иштери башталып, иш-чарага бир катар бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар келишти.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү кеңеш чоң салым кошкон. Эми бул долбоордогу курулуштар 6 ай аралыгында толук бүткөрүлүп, ишке берилет.

Иш-чарада келечекте спорт ордосу да курулары айтылып, тургундар ыраазы болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×