Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.06.2019 14:08

Жети-Өгүздө байгеси 1 млн сом болгон кароо-сынак өтүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районунда байгеси 1 млн сом болгон кароо-сынак өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына уюштуруучулар билдиришти.

Сынак Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан өткөн жылдан бери бала бакча жана мектептердин арасында өткөрүлүп келет. Бул жолу райондогу 15 бала бакча жана 30 мектеп кароо-сынакка катышууда. Сынак мекемедеги жүргүзүлүп жаткан иштерди өнүктүрүү, келечек ээлерине татыктуу тарбия берүү жана таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында уюштурулган.

Райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан байге фондусуна 1 млн сом каражат бөлүнгөн. Учурда кароо-сынак район аймагында жүргүзүлүп жатат. 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата жыйынтыгы чыгарылып, мыктылар аныкталмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×