Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.06.2019 11:10 Жаңыланды: 16.06.2019 11:40

Жети-Өгүздүн Чоң-Кызыл-Суу айылына дамба курулуп жатат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында дамба курулуп жатат. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Нурлан Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, габион торчосу тартылып, 150 метр тилке таш менен толтурулду. Жээкти бекемдөө иштерине райондун мекеме-ишканаларынын, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана айыл тургундарынан 60 адам катышты. Жыйынтыгында 20 үй кооптуу абалдан корголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×