Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.06.2019 14:35

Жети-Өгүздүн Боз-Бешик айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Оргочор айыл аймагынын башчысы Талант Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы түрткү берүүчү гранттын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн. Курулуш иштерине 2 млн 555 миң сом сарпталды. Буга чейин аталган айылда эмкана маданият үйүнүн бир бурчунда болгон.

Райондук дарыгерлер борборунун маалыматына караганда, буга чейин райондо 2 эмкана ишке берилсе, алдыда дагы 5 эмкана куруу зарылдыгы бар.

Боз-Бешик айылында миңден ашуун түтүн эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×