Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.06.2019 18:02

Жети-Өгүздө маданият кызматкерлери кайрымдуулук концерт өткөрүштү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун маданият кызматкерлери кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жыпара Туйбаева маалымдады.

Анын айтымында, алар «Балдар биздин келечегибиз» аттуу ураандын алкагында райондун борборунда жергиликтүү тургундарга 5 сааттык концерт тартуулашты.

Концерттен түшкөн каражатты мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам катары беришти. Мындай демилгени көтөргөн маданият кызматкерлери кайрымдуулук иштерди улантууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×