Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.06.2019 08:23 На русском

Москвада дайынсыз болуп жаткан Назгүл Токтоналиева табылды

Turmush -  Россиянын Москва шаарында дайынсыз болуп жаткан Назгүл Токтоналиева табылды. Бул тууралуу анын бир тууган эжеси Жыпаргүл Токтоналиева билдирди.

Анын айтымында, 1988-жылы туулган сиңдиси телефонун жоготуп алып, алар менен байланыша албай жаткан.

«Аны издеп жатканыбызды интернеттен көптөгөн мекендештерибиз көрүп, ага айтышыптыр. Бир байке ага телефон чалып, «сени издеп жатышыптыр» деп, менин телефон номурумду бериптир. Сиңдим өзү биз менен байланышты», - деди ал.

Буга чейин Москва шаарында эмгектенип жүргөн 31 жаштагы Назгүл Токтоналиева дайынсыз болуп жаткандыгын бир туугандары билдиришкен болчу.

Алардын айтымында, Назгүл 2019-жылдын март айында өзү жалгыз чонойтуп жаткан уулун бир тууган эжесине таштап, Москва шаарына иштегени барган. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну.

Назгүл акыркы жолу үй-бүлөсү менен 29-май күнү байланышып, айылдагы апасы ооруп, аны күтүп жатканын уккан. Ал дүкөндө иштеп жатканын, эмгек акысын алса эле 31-май күнү жолго чыга турганын айткан. Бирок ошондон бери байланышка чыга элек болчу.

Назгүлдүн бир тууган эжеси Жыпаргүл Токтоналиеванын айтымында, ооруп жаткан апасы 31-май күнү көз жумду. Сиңдисине байланыштуу көп мамлекеттик органдарга кайрылганын айтып, Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерден да жардам сураган.

24

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×