Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.06.2019 14:23

Жети-Өгүздө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 28-июнда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондун акими Мурат Раматов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы сөз сүйлөп, мамлекеттик кызматкерлерди өтүп кеткен майрамы менен куттуктады. Райондук маданият кызматкерлери тарабынан элдик ырлар аткарылып, жагымдуу маанай тартууланды.

Иш-чара райондун өнүгүшүнө салым кошкон мамлекеттик кызматкерлердин эмгегин баалоо максатында уюштурулуп, алдыңкы кызматкерлер сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×