Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.07.2019 14:10

Рейд: Жети-Өгүздө ондон ашык айдоочуга айып салынды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда «Рулду башкаруу» аталышындагы рейд өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына ЖКККБнын башчысы Курстан Токбаев маалымдады.

Анын айтымында, рейд учурунда ондон ашык айдоочуга жол эрежесин сактабаганы үчүн айып салынса, 1 айдоочу мас абалда унаа башкарганы үчүн айып салынып, унаасы айып короого токтотулду. Ошондой эле, жүргүнчү ташуучу кичи автобустар тыкыр көзөмөлгө алынып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда райондун аймагында 8 жол сакчы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Курстан Токбаев кошумчалагандай, 6 айдын аралыгында район боюнча миңден ашык жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталса, анын ичинен 25 айдоочу мас абалда рулду башкарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×