Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.07.2019 13:02 Жаңыланды: 12.07.2019 18:02 На русском

Мекендештер: Европадан унаа ташыган Рустам Санкт-Петербургда 28 айылдашын ишке орноштурду (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 34 жаштагы Рустам Разиев. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында төрөлгөн. Учурда Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашап, айдоочу болуп эмгектенет. Мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча дене тарбия мугалими.

«Бокситогорск шаарындагы курулуш компаниясында айдоочу болуп эмгектенем. Товарларды, атайын курулушка керектүү жабдыктарды жеткирип берем. Учурда Кирилл аттуу досум дача куруп жатат. Анын курулуш иштерине өзүм жоопкерчилик алгам. Ошондуктан өзүмдүн айылымдан 28 жигитти Санкт-Петербург шаарына чакырып, аларды ишке орноштурдум. Жумуш өз нугунда жүрүүдө.

Мындан тышкары ташып жеткирүүчү катары Литвадан унаа айдап келип, буйрутма бергендерге жеткирип берем. Көбүнчө «BMW X6», «Toyota Camry 35» үлгүсүндөгү унаага буйрутма түшөт. Жол киресин жана акысын төлөп беришет. Көбүнчө Санкт-Петербург, Москва шаарына жана Казакстанга жеткирем. Бул жумуштун дагы өзүнүн кыйынчылыктары бар. Жолдон кафе же май куюучу жайдан токтогондо кээде кыргыздарга жолугуп калам. Анда бир туугандарымды көргөндөй сүйүнөм», - дейт мекендешибиз.

Ал кээде Кыргызстандан дагы буйрутма боло турганын айтат.

«Мисалы, Кыргызстандан буйрутма түшкөндө алгач Москвага барып, метродон жүргүнчү салып алам. Кээ бир мекендештер "акчам кичине жетпей жатат, ала кетиңизчи" дешет. Аларды ала келем, өз жерибизге келгенде ыраазычылык айтышат. Кээ бирин жолдон текшергенде документтери туура эмес чыгат. Кээ бири жасалма документ менен жүргөн болот. Текшергендер алып калабыз деп чыгышат. Мындай учурда кетип калбастан, жердешиме жардам бергенге аракет кылам. Ар кандай учурлар болот», - дейт Р.Разиев.

Мындан тышкары ал тамакты даамдуу бышырып, спорт менен машыга турганын белгиледи.

«Тамак-аш жасоого кичинемден кызыгам. Тамактын түрүн жасайм. Айылда ылайыктуу жумуш жок болгондуктан бул жакка келдим. Жөн отурбастан үй-бүлөнү багуу керек. Келинчегим каникул убакта келип иштеп кетет. Өзүм иш сапар болгондо Москвага барып турам, көбүнчө Санкт-Петербургда болом.

Ошондой эле 20 жылдан бери дзюдо менен машыгам. Спортун чеберимин. Өзбекстан, Казакстан, Россияда өткөн мелдештерде алдыңкы орундарды, облустук оюндарда 1-2-3-орундарды алгам. Республикалык мелдеште 2002-жылы 1-орунду ээлеп, чемпион аталгам. Азыр деле машыгып турам. Бош убактымда футбол, волейбол ойнойм жана мергенчилик кылган жагат», - дейт мекендешибиз.

Ал бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×