Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.07.2019 16:25

Жети-Өгүздүн Липенка айылында 12 млн сомго кошумча мектеп курулуп жатат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Липенка айылындагы Тарас Шевченко атындагы орто мектебине кошумча 96 орундуу имарат курулуп жатат. Бул тууралуу мектептин директору Эсенгелди Бектуров маалымдады.

Анын айтымында, 243 орундуу мектептин негизги имараты 2010-жылы курулуп, ишке берилген. Мектепте 420 окуучу билим алгандыктан кошумча класстарды ачуу зарылдыгы келип чыккан.

Мындан улам жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мектептин жамааты тийиштүү органдарга кайрылышкан. Учурда мектептин жанына 96 орундуу кошумча имарат курулуп жатат. Жалпы наркы 12 млн сомду түзгөн курулуш иштерине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнгөн. Учурда 4 млн сом бөлүнүп, пайдубалы түптөлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×