Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.07.2019 17:32

Жети-Өгүздө 15 млн сомго курулуп жаткан чарбада кандай балыктар өстүрүлөт?

Turmush -  Ысык-Көлдө балыктардын санын көбөйтүү максатында Жети-Өгүз районунун Липенка айылында балык өстүрүүчү чарба курулуп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Чарбанын жетекчиси Атантай Кадырбаевдин айтымында, балык чарбанын курулуш иштеринин 30%ы бүткөрүлдү. Курулуш иштери 1-ноябрда толук аяктап, чарба ишке берилет.

«Мында узуну 50, туурасы 15 метрлик 7 бассейн курулат. Анда фарель, карп, сазан өңдүү балыктардын 10 млн уругу өстүрүлөт. Алгач 1-ноябрдан март айына чейин форель балыгы өстүрүлүп, Ысык-Көлгө коё берилет. Чарбада 20 адам иш менен камсыз болот», - деди А.Кадырбаев.

Чарбанын жалпы наркы 15 млн сомду түзөт. Учурда 7 млн сомго балык өстүрүүчү жабдыктар алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×