Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.07.2019 19:01

Сүрөт — Букаларын 1000 долларга чейин сатып, бутуна турган Урматтын эмгеги

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылынын тургуну Урмат Курманкалиев мал асыроо менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда чарбасында 45 баш ири мүйүздүү мал бар.

«Мен ата жолун жолдоп, мал багып келем. Алгач жер иштетип, андан түшкөн каражатка сарай курган соң мал байлап баштадым. Малды семиртип байлоо үчүн ордунан жылдырбай, 6 ай тоютун берип кароо керек. Ушул иш аркылуу киреше таап, бутубузга турдук. Уй жана букалар 40 миң сомдон 1000 долларга чейин бааланат.

Чарбада 4 адам иш менен камсыз болгон. Эми бул ишти кеңейтип, асыл тукум мал асыроону жана абердин ангус, швиц породасындагы малдын санын көбөйтүүнү пландап жатам», - дейт ал.

Урмат Курманкалиев семиз мал сатып алууну каалаган жарандарга ар дайым кызмат көрсөтүп келет. Район аймагында мал багып, өстүрөм деген тургундарга иштин жол-жобосун айтып, кеңеш да берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×