Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.07.2019 13:43

Жети-Өгүздүн Дархан айылына 47 млн сомго таза суу тартылып жатат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылында таза суу чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу «Желден Таза-Суу» ишканасынын башчысы Нурлан Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, учурда айылдын эли арыктын суусун ичип келишет.

«Айылга таза суу чыгаруу боюнча кайрылуулар жазылып, каржы булактар табылды. Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен учурда наркы 47 млн сомдук иш башталып, 110 метрден сууну тартып чыгуу иштери жүргүзүлүүдө. Күзүндө иш толугу менен аяктап, жергиликтүүлөр таза суу менен камсыз болушат», - деди ал.

Аталган айылда 7867 эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×