Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.07.2019 17:31 На русском

Ысык-Көлдө 5 баланын атасы милиционерлер сабап, ооруканага түшкөнүн айтууда. Сүрөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну Эрлан Эшимбеков милиция кызматкерлери тарабынан сабалып, ооруканага түшкөнүн анын жубайы Кызжибек Тыныбекова билдирди.

Анын айтымында, жолдошу 14-июль күнү Сырт өрөөнүнө досу менен мал айдап барган. Ошол эле күнү кечинде айылдашынын унаасы менен үйгө кайтып келе жатканда Сары-Мойнок постунан милиция кызматкерлери токтоткон. Андан кийин эле ооруканага түшкөн.

«Сырт өрөөнүнөн жазында кашар алып, быйыл малды тоодо өзүбүз багалы дегенбиз. Анан жолдошум мал-жандыкты досу менен айдап кеткен. Бир күн кечке малдын артынан жүрүп чарчап, унаада уктап келе жаткан экен. Посттон милиция кызматкерлери токтотуп, чырак менен көзүнө такаптыр. Жолдошум, чыракты көзүнө такабоону суранган. Ошондо милиция кызматкерлери аны унаадан сүйрөп чыгып, "эмне кыйын болосуң?" деп автоматтын арты менен көзгө, анан эңкейгенде каракушка чааптыр. Эсин жоготкондо милициянын бөлүмчөсүнө сүйрөп кирип, 3 милиционер катуу сабаптыр. Ошондо досу аларды арачалаганга аракет кылган. Милиция кызматкерлери аны дагы сабап салышкан. Жолдошум эсине келип, алардан суу сураса "сайдан барып ич" деп коюшкан. Сай алыс, ал бара алган эмес. Качан гана жолдошум чыдабай калганда алар райондук ооруканага эмес, Тамга айылындагы ооруканага алып барып, дарыгерлерге "аттан жыгылды" деп жалган маалымат берип, ооруну басаңдатуучу дарыны сайдырышкан.

Ошентип таң атып, 15-июль болот. Бирок милиционерлер жолдошумду коё бербей, түшкү саат 14:00гө чейин унаада салып жүрө беришкен. Эч кимге телефон чалдырышкан эмес. Анан жолдошум эптеп WhatsAp аркылуу мага "РИИБдин маңдайында милициянын унаасында отурам, дары алып келип берчи" деп жазды. Мен такси менен барып, жолдошумду алып кеттим. Милиционерлер узагандан кийин гана ал окуяны айтып берди», - дейт жубайы Кызжибек Тыныбекова.

Анын айтымында, жолдошу учурда райондук ооруканада дарыланууда.

«Күндө милиционерлер келип, тынчтык бербей жатат. Биз жолдошумду сабаган милиция кызматкерлери мыйзам алдында жоопко тартылышын каалайбыз. Бул окуя боюнча райондук прокуратурага кайрылдык. Алар ишти облустук прокуратурага жөнөткөн. Соттук экспертизадан өткөнбүз, ал жерге прокуратуранын токтому керек экен. Ал токтомду жөнөтүшө элек, биз күтүп жатабыз», - дейт ал.

Эрлан Эшимбеков 1980-жылы туулган, үй-бүлөдө 5 бир тууган. Иниси спортчу болуп, учурда ден соолугунан жабыркап калгандыктан, 70 жаштагы ата-энесин жана 5 баласын өзү багат.

«Жолдошум мал багып эмгектенет. Ал үй-бүлөнүн жалгыз киреше табуучусу», - дейт жубайы.

Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×