Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.07.2019 13:41 На русском

Ооруканада жаткан 5 баланын атасына милиционерлер эмне үчүн самбонун ыкмаларын колдонушкан?

Жети-Өгүз районунун тургуну Эрлан.Э.
Жети-Өгүз районунун тургуну Эрлан.Э.

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну Эрлан Эшимбеков милиция кызматкерлери тарабынан сабалып, ооруканага түшкөндүгү боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жооп берди.

Буга чейин Эрлан Эшимбековдун жубайы Кызжибек Тыныбекова аймактык кабарчыга жолдошу 14-июль күнү Сырт өрөөнүнө досу менен мал айдап барып, ошол эле күнү кечинде айылдашынын унаасы менен үйгө кайтып келе жатканда аларды Сары-Мойнок постунан милиция кызматкерлери токтотушканын жана жолдошу 3 милиция кызматкери тарабынан сабалып, ооруканага түшкөнүн билдирген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, эки адамдын өлүмүнө шектелген С.Смирновду колго түшүрүү максатында ошол күнү милициянын көзөмөл посттору жайгаштырылган. Алардын бири Жети-Өгүз районунун Сары-Мойнок аймагында жайгашкан. 15-июлга караган түнү аталган аймакта РИИБдин 4 кызматкери кызмат өтөп жатышкан.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, болжол менен саат 1:00 чамасында текшерүү үчүн «УАЗ» унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда унаанын ичиндеги мас абалдагы 2 жүргүнчү милиционерлердин аброюна шек келтирген сөздөрдү айтышып, өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшкөн. Алар милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына каршылык көрсөтүшүп, посттун ичине киришип, сөгүнүп башташкан. Андан кийин кызмат өтөп жаткан Жети-Өгүз РИИБдин кызматкери У.Карыевдин ок атуучу автоматын тартып алууга аракет жасашкан. Андан тышкары погондорун жулуп, милиционердин бетине бир нече жолу уруп жиберишкен.

Постто кызмат өтөп жаткан башка милиция кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдын 13-беренесинин негизинде (Күч колдонуу) мас абалдагы агрессивдүү жарандарга карата самбонун ыкмаларын колдонушкан. Андан кийин кармалган жарандар Кызыл-Суу айылынын 39 жаштагы тургундары — Э.Эрлан жана А.Бакыт экени аныкталган. Алар жай мезгилинде Кара-Сай жайлоосунда мал багышат.

Бийлик өкүлүнө күч колдонуу жана коркутуу фактысы боюнча чогултулган материалдар Жети-Өгүз РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Андан тышкары Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугун аныктоо максатында ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча ички тергөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатат.

---------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасына Жети-Өгүз районунун тургуну Эрлан Эшимбековдун жубайы Кызжибек Тыныбекова окуя тууралуу айтып берген.

«Жазында Сырт өрөөнүнөн кашар алып, малды тоодо өзүбүз багалы дегенбиз. Жолдошум мал-жандыкты досу менен айдап кеткен. Бир күн кечке малдын артынан жүрүп чарчап, унаада уктап келе жаткан экен. Посттон милиция кызматкерлери токтотуп, кол чыракты көзүнө такаптыр. Жолдошум, чыракты көзүнө такабоону суранган. Ошондо милиция кызматкерлери аны унаадан сүйрөп чыгып, "эмне кыйын болосуң?" деп автоматтын арты менен көзгө, эңкейгенде каракушка чааптыр. Жолдошум эсин жоготкондо милициянын бөлүмчөсүнө сүйрөп киришип, 3 милиционер катуу сабаптыр. Ошондо досу аларды арачалаганга аракет кылган. Милиция кызматкерлери аны дагы сабап салышкан. Жолдошум эсине келип, алардан суу сураса "сайдан барып ич" деп коюшкан. Сай алыс, ал бара алган эмес. Качан гана жолдошум чыдабай калганда райондук ооруканага эмес, Тамга айылындагы ооруканага алып барып, дарыгерлерге "аттан жыгылды" деп жалган маалымат берип, ооруну басаңдатуучу дары сайдырышкан.

Ошентип таң атып, 15-июль болот. Бирок милиционерлер жолдошумду коё бербей, түшкү саат 14:00гө чейин унаасында салып жүрө беришкен. Эч кимге телефон чалдырышкан эмес. Анан жолдошум эптеп WhatsApp аркылуу мага "РИИБдин маңдайында милициянын унаасында отурам, дары алып келип берчи" деп жазды. Мен такси менен барып, жолдошумду алып кеттим. Милиционерлерден узагандан кийин гана окуяны айтып берди», - деген Кызжибек Тыныбекова.

Анын айтымында, жолдошу райондук ооруканада дарыланууда.

«Күндө милиционерлер келип, тынчтык бербей жатышат. Биз жолдошумду сабаган милиция кызматкерлеринин мыйзам алдында жоопко тартылышын каалайбыз. Бул окуя боюнча райондук прокуратурага кайрылдык. Алар ишти облустук прокуратурага жөнөткөн. Соттук экспертизадан өткөнбүз, ал жерге прокуратуранын токтому керек экен. Ал токтомду жөнөтүшө элек, биз күтүп жатабыз», - деген ал.

Эрлан Эшимбеков 1980-жылы туулган, 5 бир тууган. 70 жаштагы ата-энесин жана 5 баласын өзү багат.

«Жолдошум мал багып эмгектенет. Ал үй-бүлөнүн жалгыз киреше табуучусу», - дейт жубайы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×