Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.07.2019 12:51

Жети-Өгүздө каралбай калган «Көл-Кечи» насостук станциясы 3,5 млн сомго оңдолду

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда «Көл-Кечи» насостук станциясы оңдолуп, суу жетпеген аянттар сугарылып жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Чырак айылынын тургуну Муктар Абдиевдин айтымында, «Көл-Кечи» насостук станциясы 2005-жылы курулуп, кийин каралбай калган. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 3,5 млн сом каражат бөлүнүп, станция оңдоодон өттү.

Учурда бул станция аркылуу суу жетпеген 900 гектар аянт, суткасына 22 гектар жер сугарылып жатат. Ал эми дыйкандар гектарына сугат суу үчүн 1 миң сомдон акы төлөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×