Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.07.2019 15:03

Айыл турмушу: Ш.Желденова 200 жыл мурун токулган туш кийизди сактап келет (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылынын 60 жаштагы тургуну Шайым Желденова окуучулук кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы элеттик чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал өрмөк согуп, чий токуп, боз үйдүн ички жабдууларын даярдайт. Өзүнүн эмгектери менен 2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кол өнөрчүлөр арасында жеңүүчү болгон.

«Апам, таенем айылдын элине тон тигип берген белгилүү уз айымдар болгон экен. Таенем Гүлбүбүнүн сайма туш кийизине кызыккан чет элдик туристтер аны 300 долларга сураган эле. Бирок мен саткан жокмун, анткени ал эмгектин баасы жок. 200 жылдан бери сакталып келе жаткан туш кийизди таенем апама, апам мага мурас катары өткөрүп берген эле. Мен дагы аны кийинки муунга тапшырып берсем дейм.

Азыр жаштарга боз үйдүн ички жабдууларын жасоону, өрмөк согуп, чий токуганды үйрөтүп жатам. Өрмөктөр Корея, Япония, Америкага чейин сатылып кетти. Чет элдиктер колго жасалган эмгекти жогору баалайт экен.

Азыр заман талабына ылайык килемче жасап, алгачкыларын белек кылып көп адамга бердим. Кээ биринин үйүнө кирип калганда тамга тагылган килемдерди көрүп кубанып калам», - дейт ал.

Азыр Шайым Желденова айылдагы «Кол өнөрчү» ишканасында эмгектенип, кыз-келиндерге кол өнөрчүлүктү үйрөтүп келет. Ишканада 30 айым эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×