Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.07.2019 14:57

Сүрөт — Жети-Өгүздө кайрымдуулук бурчу ачылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда кайрымдуулук бурчу ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Уюштуруучу Гүлзада Бараканованын айтымында, ал буга чейин өз ыктыяры менен балдар үйлөрүнө, аз камсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп келген. Бул жолу тургундарга жакындан жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бийликке кайрылып, натыйжада Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына кайрымдуулук бурчун уюштурду.

«Бул кайрымдуулук бурчка колунда бар адамдар азык-түлүк жана кийим-кечелерди алып келишсе, аны жардамга муктаж адамдар алып кетип жатышат», - дейт Г.Бараканова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×