Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.08.2019 18:09

Жети-Өгүздө жаштар аз камсыз үй-бүлөгө саан уй алып беришти. Видео

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын жаштары социалдык жактан муктаж үй-бүлөгө жардам беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бул үй-бүлөнүн башчысы Руслан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу ишке жарамдуу эмес. Жубайы жана 3 баласын багуу түйшүгү анын мойнунда.

Мындан улам айылдын 1996-жылы туулган жаштары бул үй-бүлөгө көмөк көрсөтүүнү чечишкен.

«Айылдын жаштары Россияда, Бишкекте ар кайсы тармакта иштешет. Биздин ич ара ынтымагыбыз дагы бар. Бул жолу үч балалуу Руслан агабыздын үй-бүлөсүнө жардам берүү демилгесин көтөрүп, 31 миң сомго саан уй алып бердик. Эми анын сүтүн саап, балдарын бакса болот», - дешти жаштар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×