Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.08.2019 12:26

Сырт өрөөнүнө баруучу унаа жолду каптаган селдин кесепеттери тазаланат

Turmush -  Кечээ, 14-августта Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүнө баруучу унаа жолду каптаган селдин кесепеттери бүгүн, 15-августта тазаланат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ райондун Тосор айылында жааган жамгырдын кесепетинен Тосор суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен Сыртка баруучу жолдун 400 метр аралыгын сел каптап, каттам жабылган. Мындан сырткары унаа өтүүчү көпүрөгө коркунуч жаралган. Кырсыктын кесепеттери бүгүн жоюлат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×