Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.08.2019 16:47

Тосор суусу нугунан ашып, жайлоого кетчү жолду жууп кетти. Сүрөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунда акыркы эки күндөн бери жааган жамгырдын кесепетинен Тосор суусунун деңгээли көтөрүлүп, жайлоого кетчү жолду жууп кетти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Акимдин орун басары Улан Далиевдин айтымында, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик атайын штаб түздү. Учурда бардык кызматтар жеринде иш алып барууда.

«Жай өтө ысык болгондуктан мөңгүлөр ээрип, суу катуу кирип жатат. Акыркы эки күндөн бери жамгыр жаап, суунун нугу көтөрүлүп кетти. Ал турак жайларга коркунуч жараткан жок. Бирок жайлоого кетчү жолду жууп кетти. Суунун нугу чоң болгондуктан, чоң техникалар керек. Учурда бардык структуралар жеринде иш алып барып жатат», - дейт Улан Далиев.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Тосор суусунун деңгээли көтөрүлүп, сырт өрөөнүнө кетүүчү жолдун 400 метр жерин каптап, көпүрөгө жана электр тирөөчкө коркунуч жаратып жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×