Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.08.2019 23:47 На русском

Жети-Өгүздүн Сырт өрөөнүндө кар жаады

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө кар жаады. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн аймактык кабарчыга билдиришти.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери билдиргендей бүгүн, 17-августта Сырт өрөөнүнүн Кызыл-Эшме жайлоосунда 10 см кар жааган. Аларга саат 11:16да Светлая Поляна айылынын Самар аттуу тургуну Сырт өрөөнүнүн Ара-Бел жайлоосунда кардын калыңдыгы 40-50 сантиметрге жеткенин кабарлаган. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Ара-Бел жайлоосуна барышып, кар 15 см экендиги аныкталган. Сөөк ашуусунда кардын калыңдыгы 10 сантиметрге жеткен.

«Учурда жол ачык, автоунааларга тоскоолдук жаралган жок. Мал өлгөн эмес. Биздин 2 кызматкер ошол жерде», - деп билдиришти ӨКБдан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×