Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.09.2019 18:02

Жети-Өгүздө 3 мектеп курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда учурда 3 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, Кабак айылында 275 орундуу, Ак-Дѳбѳ айылында 150 орундуу мектеп курулуп жатат. Ошондой эле Липенка айылында Т.Шевченко атындагы орто мектебине кошумча имарат курулууда.

«Бул айылда мектептер эски, айрымдары авариялык абалда болгон. Негизги максатыбыз — жаңы мектептерди куруу менен толук кандуу билим алууга жакшы шарттарды түзүү. Ошондой эле бардык мектептерде шарттарды жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат. Айтсак, Тамга орто мектебинде түрткү берүүчү грант аркылуу (4 млн сом) фасады жаңыртылып, кире беришине таш таман коюлду. К.Саалиев атындагы орто мектебинде кѳп жылдардан бери пайдаланылбай калган ички ажатканалар долбоор аркылуу (1 млн 727 миң сом) капиталдык оңдоодон ѳткѳрүлдү. Даркан айылындагы башка багытта пайдаланылып келген бала бакча кайра кайтарылып, капиталдык оңдоодон (6 млн 500 мин сом) ѳткѳрүлүп, пайдаланууга берүүгѳ даярдалып жатат», - дейт билим берүү бөлүмү.

Ошондой эле Ичке-Булуң айылында 60 орундуу бала бакча куруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Жети-Ɵгүз районунда 40 мектеп, 1 мектептин филиалы, 15 мектепке чейинки билим берүү уюму жана мектептен тышкаркы билим берүү уюму бар. Жаңы окуу жылында 1-класска 1903 бала, ал эми бала бакчага 2015 бала кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×