Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуТалас району 10.09.2019 15:30 На русском

Таластагы массалык мушташ: Унаа сүйрөп кеткен 34 жаштагы адам оор абалда ооруканага жеткирилди (сүрөт)

Turmush -  5-сентябрда Талас районунун Жон-Арык айылындагы массалык мушташта жабыр тарткан 34 жаштагы Ринат Тотобаев ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Ринат Тотобаевдин иниси Талгат Тотобаевдин айтымында, агасы ооруканага оор абалда жеткирилген.

«Акем Ринат Тотобаев 5-сентябрь күнү айылдашыбыз менен Кең-Кол өзөнүнө барып, тамдын чатырын жаап келе жатышкан. Тамактануу үчүн Жон-Арык айылындагы куурдак бышыруучу жайга токтошот. Ошол жерде бейтааныш жигиттер «Жигулини» жолдун ортосунда чимирилтип ойноп жатышыптыр. Акемдин жанындагы айылдашыбыз аларга «жигиттер бул жерден бирөөнү коюп аласыңар, токтоткула» деген. Ошол жерден ал жигиттер менен жакалашып кетишкен экен. Акемдер биз кете береличи деп унаага отурганда эле акемдин «Хонда Одиссей» унаасынын арткы айнегин сындырып ташташат. Ачуусу келип, кайра унаадан түшүшөт. Ошондо бейтааныш жигиттердин бири аларды дөңгөлөк чечкен шайман менен урган экен. Акемдин дагы унаасында тетиктери көп болчу. Ошолорду алып чыгып, таш, арматура жана башка буюмдар менен эки жактан чоң уруш болуптур. Акемдер тараптан экөө эле, экинчи тарапта 10дон ашык бала болгон. Бир аздан кийин жон-арыктык айылдаштарыбыз топтолуп калган кезде алар качып кетүүгө аракет кылышкан. Ошол учурда акем унаасынын айнегин талкалап салган баланын унаасын токтотом деп алдынан тосот. Ал унаасын токтотпостон ордунан 4-5 метрдей сүйрөп кетиптир. Акемди айылдаштарыбыз ооруканага алып келишиптир. Мен келип көргөндө денесинин көп бөлүгү тытылып калган экен. Кудайга шүгүр, азыр акыбалы жакшы», - деди ал.

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы оорукананын маалыматына караганда, жабырлануучу 5-сентябрда саат 19:20 чамасында алынып келген. Анын мээси чайкалып, жаагы сынып, жамбашынан, белинен жаракат алган. Бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүнөн жаракаттар бөлүмүнө которулуп, дарыланууда.

Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн 5-сентябрдагы окуя ээнбаштык катары катталгандыгын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×