Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.09.2019 08:39

Жети-Өгүздө 11 млн сомго балык чарба курулду (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Липенка айылындагы балык чарба ноябрь айында ишке берилет. Бул тууралуу чарбанын жетекчиси Атантай Кадырбаев маалымдады.

Анын айтымында, «Осман-Липенка» муниципалдык ишканасын курууга 11 млн сом жумшалды.

«БУУ тарабынан 3,5 млн сом бөлүнүп, жабдуу жана материалдар алынган. Жергиликтүү бюджеттен 425 миң сом жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 425 миң сом бөлүнүп, муздак сууда өсүүчү балыктын цехи курулуп бүттү. Ишканага балыктарды жылуу сууда өндүрүүчү цех, дамба куруу каралууда. Балык чарба ишке кирсе 1 жылда 50 тонна балык өндүрүлүп, 60 млн майда чабактар коё берилет», - деди А.Кадырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×