Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.09.2019 09:05

Өкмөттүн өкүлү А.Осмоналиев алыскы аймактарда элдик фонд түзүүнү сунуштады

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев 11-сентябрда Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагына барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жолугушууда өкүл алыскы айылдардагы социалдык маселелерди чечүү үчүн элдик фонд түзүү демилгесин көтөрдү. Ал буга чейин элдин демилгеси менен айылдын ичин иретке келтирүү, айылдын кире беришине тосмо орнотуу иштери жүрүп жатканын белгиледи. Элдик фонд түзүү демилгесин тургундар дагы колдоого алышты.

Жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан айыл чарба жана социалдык маселелер тууралуу суроолор берилип, аларга тийиштүү адистер жооп беришти.

Липенка айыл аймагындагы 3 айылда 5 миңге жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×