Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.09.2019 15:28

Жети-Өгүз—Кой-Сары унаа жолу 5 млн сомго асфальтталып жатат

Turmush -  Жети-Өгүз—Кой-Сары унаа жолуна асфальт төшөлүүдө, деп билдирди Липенка айыл аймагынын башчысы Урмат Докоев.

Анын айтымында, Жети-Өгүз—Кой-Сары унаа жолунун узундугу 31 чакырымды түзөт. Ага 1960-жылы асфальт төшөлгөн. Жолдун 25 чакырымы 3-категориядагы, 6 чакырымы 4-категориядагы жолдорго кирет.

«Унаа жолдун 15,5 чакырымына асфальт басылган, калганына кум жана шагыл төгүлгөн. 2019-жылы жолдун 1 чакырымына асфальт төшөөгө 5 млн сом каралган. Учурда жолду оңдоо иштери жүрүп жатат. Асфальт төшөө иштерин райондук №35 жол тейлөө мекемеси жүргүзөт», - деди ал.

Ошондой эле, ал өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев ишти көзөмөлгө алып, оңдоо иштерин тез бүтүрүү тапшырмасын бергенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×