Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.09.2019 09:45 На русском

«Эми карарган аялды тойго кантип ээрчитип барасыз?»: Жумгалдагы чабандардын маеги

Turmush -  10-сентябрда Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын Ой-Кайың жайлоосундагы карда калган 10 чабанды мал-жандыктары менен көчүрүп келүүгө ӨКМден 5 куткаруучу, айыл өкмөттөн 5, ИИМден 4, тез жардам кызматынан 2 кызматкер, ветеринардык станциядан 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. 11-сентябрь күнү 1 чабанды мал-жандыктары менен Байзак айылына аман-эсен алып келишкен. 12-сентябрда 3 чабанды 2100 баш кой, 13 баш бодо малы менен аман-эсен жакага түшүрүшкөн. Андан кийин калган чабандар да малы менен үйлөрүнө жеткирилген.

Бирок чабандар куткаруучулардын ишине нааразы болушууда. Алардын айтымында, Ой-Кайың жайлоосундагы 10 чабан мал-жандыгы менен жакага өздөрү түшүшкөн.

«Малдар ашуудан ашпай, жол салбай жатып араң түшүрдүк. Аялыбыз, балдарыбыз бети-башы карарып жайлоодо калды. Мал өлбөсүн, аял табылар.

Куткаруучулар келип, белдин ары жагынан козу жеп алып кетип калышыптыр. Бул жерге келсе, тай союп бермекпиз. Баягыда дарыгерлер келип, төмөнкү жайлоодон эле кетип калышыптыр», - дейт чабандардын бири.

Эскертүү: Видеодо цензурасыз сөздөр айтылган.

Бул видеодон чабандардын нааразычылыгын угууга болот. Анда бири: «Тойго дагы барам деп жаттыңыз эле. Эми карарган аялды кантип ээрчитип барасыз?» десе, экинчиси «той... Аялдардын баары калды. Ачка», деди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×