Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.09.2019 13:35

Сарууда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 22-сентябрда Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Алымбаевдин айтымында, айылдык 3 округдун 5193 шайлоочулары 4 шайлоо тилкесинде добуш берип жатышат.

«Добуш берүү саат 08:00до башталып, азыр өз нугунда уланууда. Саат 10:00го карата 335 адам добуш бергени аныкталды. Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаттыгына 80 талапкер документ өткөрсө, анын 79у ат салышууда. Алардын 16сы аял, 63ү эркек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×