Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.09.2019 14:48 Жаңыланды: 24.10.2019 22:48

Айыл турмушу: Эки кесиптин ээси Б.Молдобаеванын элеттеги эмгеги

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 40 жаштагы тургуну Бурулуш Молдобаева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал эсепчи жана программист адистиги боюнча билим алган.

«Эки дипломум тең үйдө. Буга чейин эсепчи болуп иштедим. Маянасы аз болгондуктан жумуштан кетүүгө туура келди. Балдарым кичине болсо дагы элдин мал-жандыгын баккан жолдошума жардам берип жүрдүм. Кийин айылдагы №81 кесиптик лицейден тигүүчүлүктү окуп үйрөндүм. Ошентип үйдөн көйнөк тигип баштап, акыркы төрт жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенем. Жайкысын 10 күндө 10 миң сом табам. Ал эми кышында калың кийимдерди тиккенде убакыт көп кетип, 10 күндө 6 миң сомдой маяна алам.

Эки балам студент болгондуктан ушул ишим аркылуу аларды окутуп келе жатам. Мындан тышкары үй-бүлөлүк керектөөлөргө жумшайбыз», - дейт ал.

Анын айтымында, ал түрдүү көйнөктөрдү тигет.

«Тойго же мааракелерге барганда көйнөктү өзүм тигип кийип алам. Аны көргөн жакындарым буйрутма беришет. Мындан улам аларга түрдүү көйнөктөрдү тигип берем. Ошондой эле, балдардын кийимдерин жана жууркан, жер төшөктөрдү дагы тигем», - дейт Б.Молдобаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×