Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.09.2019 13:31 Жаңыланды: 23.09.2019 15:39

Сарууда жергиликтүү кеңешке 9 аял депутаттыкка өттү (тизме)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, 22-сентябрда өткөн шайлоого калктын 34,6 пайызы катышып, 79 талапкерге добуш беришти. Учурда документтер кабыл алынды, 3 күн аралыгында БШКга отчеттук маалымат жөнөтүлөт.

«Шайлоо тынч өтүп, идентификациялык аппараттардын иши үзгүлтүккө учураган жок. Айыл тургундарынын көбү күзгү талаачылык менен алек болдубу, добуш берүүгө калктын 34,6 пайызы катышты. Үч күн аралыгында тактоо иштери аяктап, БШКга отчет берилгенден кийин депутаттарга мандат тапшырылат. Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча аялдарга 30%дык квота берилиши керек. Учурда 21 мандаттын ичинен 9 мандат айымдарга, 12 мандат мырзаларга бөлүнөт», - деди Н.Алымбаев.

Тизме:

1. Мендибаев Замирбек Узакович - 217 добуш

2. Узаков Капарбек Мокешович - 215

3. Ургазиев Бактияр Аскерович - 201

4. Иманалиев Канат Тойчубекович - 173

5. Шекенбаева Клара Октябревна - 172

6. Качкымбаева Айымкан Маткеримовна - 130

7. Акматова Самара Тентимишвна - 127

8. Үлүшбаев Гүлжигит Муканбетович - 182

9. Абдыкеримов Болот Эсентурович - 163

10. Мамбетов Эсенболот Шадыканович - 143

11. Руслан Илесбек уулу - 151

12. Акпарова Назик Акпаровна - 62

13. Үмөталиева Шайымкүл - 56

14. Ибраева Үмөткөр Ишенбаевна - 45

15. Оморова Айнур Самыйбековна - 182

16. Абдрасулова Гүлмира Аманбековна - 124

17. Абдраев Жыргалбек Турсунович - 174

18. Зарлыков Элмират Кубатович - 200

19. Кыдыева Акылыйма Асангуловна - 117

20. Абдрахманов Данияр Карасартович - 141

21. Усупбаев Жыргалбек Абдыбекович – 174.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×