Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.09.2019 18:03 Жаңыланды: 25.09.2019 09:21

Дайынсыз болгон 75 жаштагы Асан Дырылдаев изделүүдө (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 75 жаштагы тургуну Асан Дырылдаев дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын кызы Самара Дырылдаева билдирди.

Анын айтымында, атасы ушул жылдын 16-сентябрында саат 14:00 чамасында кызы Элмиранын үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

«Атам 29-августта инсульт алып, ооруканадан дарыланып чыккан. Ошондон кийин эле унутчаак болуп калды. Аны көрүп-билгендер болсо 0700429781 номуруна кабарлап коюуну өтүнөбүз», - дейт ал.

Асан Дырылдаев 7 баланын атасы. Учурда уул-кыздары аны издеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×