Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.09.2019 13:04 Жаңыланды: 25.09.2019 18:03 На русском

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк фермердин асыл тукум кочкору 200 миң сомго бааланды (видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын 46 жаштагы тургуну Тилек Тыналиев асыл тукум койлорду багуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал акыркы үч жылдан бери асыл тукум койлорду багып жатат.

«Чүйдүн койлору менен гиссар породасындагы кочкорлордун аргындашуусунан алынган койлорду багабыз. Алар эттүү келип, төлүн жакшы багат. Баасы кымбат. Сатууда кыйынчылык болбойт. Чет өлкөдөн дагы кардарлар көп келишет. Украинага койлорду 500 доллардан саттык. Ал эми кочкорлорду 200 миң сомго сурап жатышат, саткан жокмун. Андан тукум алып бүткөндөн кийин гана сатабыз. Бул кочкордун бою 1 метр болсо, салмагы 164 килограмм. Кочкорлор 90 кг, койлор 55 кг эт берет», - дейт ал.

Анын айтымында, чарбасында 25 кой, 5 кочкор, 15 козу бар.

«Койлор аз болгону менен пайдасы көп. Санына эмес сапатына көңүл буруп жатабыз. Жөнөкөй койдун козусу 6 миң сом болсо, асыл тукум койдун козусу 15 миң сом болот. Аларды башка койлорго кошпой кайтаруу керек. Чөптү өзүбүздүн жерден камдайбыз. Агабыз ветеринардык дарыгер болгондуктан малды карап турат. Эки жыл койду көбөйтүүгө, асылдандырууга аракет жумшадык. Быйыл гана пайда көрө баштадык.

Асыл тукум койлорду Бишкекке, Ош облусунун Кара-Суу районуна, Каракол шаарына жана башка райондорго алып кетишет. Ал эми чет өлкөдөн келген кардарлардын арасында украиналыктар көп.

Ушул ишимди өнүктүрүп, өлкөдө асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө салым кошсом дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×