Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.09.2019 10:03 На русском

С.Жээнбеков Ысык-Көлдө суу топтоочу скважинанын курулушуна капсула салды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна иш сапары менен келди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы. Өлкө башчы райондун Ичке-Булуң айылындагы суу топтоочу скважинанын курулушуна капсула салды.

Айыл тургундарынын айтымында, айылда суу көйгөйү союз убагынан бери чечилбей келет.

«СССР маалында айылга суу тартып, көчөлөргө суу түтүктөрү орнотулуп баштаган. Бирок союз тарагандан кийин кайра суу акпай калды. Айла жок, мурдагы кудуктарды кайра каздык. Кышкысын суукта суу алуу үчүн кезек күтчүбүз. Эми таза суу ар бир үйгө кирет деп кубанып жатабыз», - дейт айыл тургуну Өмүрбек Осоев.

Маалым болгондой, суу топтоочу скважинанын курулушуна 31 млн сом жумшалууда.

«Ысык-Көл облусунда 54 айыл таза сууга муктаж. Аларга таза суу чыгаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Ичке-Булуң айылында «Жумгал суу курулуш» компаниясы иш алып барып жатат. Курулуш иштери жылдын аягына чейин аяктайт. Айылга 80 метр тереңдиктен суу алып чыгуучу скважина курулат», - деди ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×