Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.09.2019 10:49

С.Жээнбеков Жети-Өгүздө 128 млн сомдук каналдын курулушу менен таанышты

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылындагы каналдын курулушу менен таанышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, курулушка 128 млн сом бөлүнгөн. Каналдын узундугу 22,5 чакырымды түзөт.

«Бул канал 1960-жылдары курулган. Акыркы убакта толук оңдоого муктаж болуп, суу 55 пайызга чейин жоготууга учурап келген. Каналдын курулушуна Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 128 млн сом каралган. Учурда 68 млн сомдук иш аткарылып, иштин 64%ы бүттү. 2020-жылдын күз айларында ишке берилет», - деди суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиева.

Айыл аймактын башчысы Батырбек Касымовдун айтымында, айыл эли каналдын ишке берилишин күтүп жатышат.

«Бизде 1780 гектар айдоо жери бар. Каналдар узун болгондуктан сууну башынан коё бергенде аягына чейин 5-6 саатта араң жетчү. Суунун жарымы жоготууга учурап келген. Канал курулуп калса суу дагы үнөмдүү болот. Ошондой эле буга чейин 60 гектар жерибиз суунун жоктугунан такыр иштетилбей калган. Эми ал жерге дагы сугат суу жетет. Каналдын ишке берилишин жергиликтүү тургундар дагы күтүп жатышат», - дейт Б.Касымов.

Светлая Поляна айыл аймагында 3717 адам жашайт. Бул канал аркылуу Светлая Поляна, Оргочор, Тилекмат айыл аймактары сугат суу менен камсыз болот.

Өлкө башчы айыл жергесин өнүктүрүүдө, калктын жашоосун оңдоодо сугат суунун мааниси чоң экенине токтолуп, курулушту сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×