Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.09.2019 17:31

Сарууда айылдык кеңештин төрагасы, айыл аймактын башчысы шайланат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагында айылдык кеңештин төрагасын жана айыл аймактын башчысын шайлоо күтүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Алымбеков маалымдады.

Анын айтымында, жергиликтүү кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрда өткөрүлүп, жалпы 79 талапкердин ичинен 21 адам мандат алууга жетиштүү добуш алган.

«Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына иш кагаздар тапшырылды. Эми депутаттарга мандаттар берилип, андан кийин Саруу айылдык кеңешинин төрагасы, айыл аймактын башчысы шайланат», - дейт ал.

Жети-Өгүз РИИБдин башчысынын орун басары У.Закираев шайлоо күнү тартип бузуу катталбаганын билдирди.

«РИИБдин кызматкерлери шайлоого карата 10 күн күчөтүлгөн тартипте иштешти. Күн сайын экиден кызматкер коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алышты. Бул күнү мыйзам бузуу катталган жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×