Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.10.2019 23:35

Айыл турмушу: Ч.Ракышова декреттик өргүүдө хоббиси аркылуу киреше табууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 25 жаштагы тургуну Чолпон Ракышова кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал КЭУнун эл аралык укук жана юристпруденция факультетин аяктаган.

«Апам кайрымдуулук фонддо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кол өнөрчүлүктү үйрөтүп, түрдүү буюмдарды жасашат. Мен дагы жардам берип жүрүп, бул ишке кызыгып калдым. Кол өнөрчүлүк менин хоббим эле. Учурда декреттик өргүүдө болгондуктан бул иш менен алектенип, андан пайда көрө баштадым. Буйрутма беришет. Кагаздын түрүнөн роза, түлпан, калла, пион, орхидея жана башка гүлдөрдү жасайм. Жасалган материалына жараша бир букетти 600 сомдон сатам.

Жүрөк формасында жасалган букеттерди көбүнчө жигиттер белек үчүн алышат. Кыздар апаларга, курбуларга арналган букеттерди алышат. Бир буйрутманы 2 күндө жасап бүтөм. Жакында эле чоң кутудагы гүлдү 1700 сомго сатып алышты. Бул иш жакшы уланып кетсе Барскоон айылына дүкөн ачууну пландап жатам», - дейт.

Ал бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×