Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.10.2019 11:15

Алыскы Ак-Шыйрак айыл аймагында 32 млн сомго көпүрө курулууда. Сүрөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл аймагынын жолу жасалып, 32 млн сомго көпүрө курулууда. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Эрлан Асаналиев маалымдады.

Анын айтымында, айыл аймак райондун борборунан кыйла алыс жайгашып, буга чейин жол жана көпүрө маселеси көйгөй жаратып келген.

№3 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Кубаныч Муканбеткалый уулунун айтымында, учурда Сырт өрөөнүнө барчу кооптуу делген 4 чакырым жолго кум жана таш төгүлүп, жол кеңейтилип жасалды.

Ал эми Сырт өрөөнүнө баруучу стратегиялык мааниге ээ жыгач көпүрө 1950-жылы курулган. Учурда республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп жана өздүк салым кошулуп, жалпы 32 млн сомдук долбоор ишке киришти. 24 метрлик көпүрө ушул жылдын ноябрь айында толук бүткөрүлүп, ишке берилмекчи.

Эски көпүрө 116 метр болсо, жаңысы 124 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×