Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.10.2019 08:15

Кыздарым менден баш тартты, - жалгыз калган 85 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын 83 жаштагы тургуну Надежда Бежеских жолдошу көз жумгандан кийин жалгыз калган. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.

Өзүнүн айтымында, ал 1935-жылдын 30-майында туулган.

«Мектепти аяктагандан кийин, курстук окууларды өз аракетим менен бүтүргөм. Бала бакчада иштеп жүрүп, 19 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз 4 кыздуу болдук. Ал аары багып, балчелек кармачу. Улуу эки кызымды Орусияга окууга жибергенбиз, алар ошол жактан кайтып келишкен жок. Кийин кичүү кызым каза болуп калды, ал эми ортончу кызым дагы Орусияга окууга кеткен. Ал кызым менен такыр тил табыша алган жокмун. Жолдошум 7 жыл мурда каза болгондон кийин, үйүмдү сатып, кыздарымдын керегине жараттым. Ошентсе дагы кыздарым мага каралашкан жок. Менден баш тартышты. Канчалык жүрөгүм жараланбасын эне болгон соң балдарыңан эч качан баш тарта албайт экенсиң», - дейт Н.Бежеских.

Ал акыркы 3 жылдан бери Каракол шаарындагы аялдардын кризисттик борборунда күн кечирүүдө.

«Биз кыздарыбызды чоңойтуп, бирдей тарбияладык. Ата-эне балдары үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр. Тилекке каршы чоңоюп, бой жеткенден кийин карабай кеткени мени күйүткө салды. Кайрымдуу адамдар бар экен, мени кризисттик борборго жайгаштырышты. Учурда акысыз жашап жатам. Ай сайын 7 миң сом пенсия алам. Аны дагы кыздарыма, неберелерге деп чогултуп жатам. Турмуштун сыноосуна баш ийебиз, бирок балдарыма таарынбайм. Эми бир жолу жүз көрүшүп, кусалыгым тараса деп үмүт кылам», - деди Н.Бежеских.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×