Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.10.2019 12:53

Жети-Өгүздө жайытка мал айдоо үчүн эки көпүрө курулду (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда чабандардын көйгөйү чечилди, деп билдирди райондун акими Мурат Раматов.

Анын айтымында, буга чейин чабандар мал-жандыкты жайытка чыгарууда көпүрөнүн жоктугунан кыйналып келишкен. Мындан улам райондук администрация жайыттарды рационалдуу пайдалануу боюнча долбоорду ишке ашырды. Алыскы жайыттарга баруучу кооптуу деген тоодогу жолго мал өтүүчү эки көпүрө курулду. Бул максатты ишке ашыруу үчүн жалпы 1 млн сомдон ашык каражат сарпталды.

Саруу айылынын тургуну Нурбек Бектияновдун айтымында, буга чейин ал мал-жандыгы менен Жаак суусун кечип өтүүдө далай жолу сууга агып, аман калган.

«Жетим жана Жоо жүрөк ашууларынан өтүп, алыскы жайыттарга барууга туура келет. Ал үчүн кыйла жолду басып, канчалаган суулардан өтөбүз. Жаак суусуна далай жолу агып, аман калганбыз», - дейт чабан.

«Универсал» курулуш фирмасынын жетекчиси Ариф Сабырбаев алыскы тоодо көпүрө куруу кыйла оор болгонун айтып: «Курулуш иштери оор шартта жүргүзүлгөнүнө карабай, анын сапатына маани бердик. Анткени мындан 6 айыл аймактын чабандары мал айдап өтөт», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×