Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.10.2019 17:20

Жети-Өгүздө «Мен Роналдудан кем эмесмин» деген кыздар футбол мелдешине түштү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 11-октябрь — Эл аралык кыздар күнү белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, майрамдык иш-чаранын алкагында кыздар арасында «Мен Роналдудан кем эмесмин» аттуу девиздин алдында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, аны менен бирге «Жакшы билим кыздарга эмне берет?» деген темада сүрөт сынагы болду. Жеңүүчүлөр топ, футболка, китеп, дипломдор менен сыйланышты.

БУУнун атайын чечими менен 2012-жылдан бери белгиленип келе жаткан Эл аралык кыздар күнү кыздар тууралуу көйгөлүү маселелерди ачык айтып, аларды чечүүнүн жол-жобосун аныктай турган күн да болуп саналат. Кыздар тууралуу жер жүзүндө көптөгөн көйгөй маселелердин бар экени Бириккен Улуттар Уюмунун кыздар күнүн атайын белгилөөсүнө негиз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×