Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.10.2019 11:01

Жети-Өгүздө кылым карыткан карыларга жардам көрсөтүлүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 100 жаштан өткөн 4 адам бар. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, карыларды урматтоого арналган бир айлыктын алкагында улгайган адамдарга жардам берилүүдө.

«Райондо 90-100 жашка чейинки 120, ал эми 80-90 жашка чейинки 875 адам жашайт. 100 жаштан ашкан 4 адам болсо, алардын эң улуусу Барскоон айылында жашаган 117 жаштагы Урумкан Байгашкаева. Учурда райондун айыл аймактарында улгайган адамдардан кабар алуу жана аларга белектерди берүү иштери жүрүүдө», - деп билдиришти райондук администрациядан.

Урумкан Байгашкаева

WhatsApp Image 2019-10-01 at 15.12.37

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×