Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.10.2019 12:30

Жети-Өгүздө Бирназар бийдин эстелиги орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда Бирназар бийдин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Бирназар бий» фондунун төрагасы Алтынбек Шералиев билдирди.

Анын айтымында, Бирназар бийдин 300 жылдык мааракеси Жети-Өгүз айылында жакынкы аралыкта өткөрүлөт. Эстелик айылдын кире беришинде орнотулду.

Тарыхый маалыматтарга караганда, Алдаш уулу Бирназар бий XVIII кылымдын II жарымында жашап, бугу уруусунан чыккан бий болгон. Ал 1780-жылы Абылайга барып, жер чегин ажыраткан кыргыз бийлеринин ичинде болгон. Атаке жана Эсенгул баатырлар менен замандаш болуп, бугу уруусун башкарып турган. Бүгүнкү күндө Бирназар бийдин урпактары Ысык-Көл өрөөнүндө жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×