Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.10.2019 11:39

Жети-Өгүздө таяк тартыш боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталды (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда таяк тартыш боюнча республикалык мелдеш өттү. Бул тууралуу башкы калыс Марат Раматов маалымдады.

Анын айтымында, мелдеш райондун борбору Кызыл-Суу айылында өткөрүлүп, ага өлкөнүн аймактарынан келген оюнчулар катышты.

«Мелдеш 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул ирет 7 салмак боюнча өтүп, кыздар дагы күч сынашты. Акыркы убакта бул спорт жанданып, оюнчулар ийгиликтерге жетип жатышат», - деди ал.

Жети-Өгүз райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн инструктору Сагынбек Жумаев райондун аймагында спорттун бул түрүнө кызыккандар көп экенин белгиледи. Ал эми башкы калыс Марат Раматов Польшада өтө турган мелдешке даярдык көрүп жатышканын жана республикалык мелдеш ийгиликтүү жыйынтыкталганын айтты.

Соңунда Таяк тартыш федерациясынын жетекчиси машыктыруучуларга сыйлыктарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×