Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.10.2019 15:58

Жети-Өгүздө 3 балалуу жалгыз бой энеге айылдаштары үй куруп беришти (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылындагы жалгыз бой энеге айылдаштары үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Жыргалбек Абдраев билдирди.

Анын айтымында, алар айылдагы жалгыз бой, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берип келишет.

«Буга чейин 6 балалуу жалгыз бой энеге үй куруп бергенбиз. Бул жолу 3 баланы жалгыз тарбиялаган Элнура Баратахуновага үй салып, өзүнө тапшырдык. Айыл эли көмөктөшүп, үйдү пайдаланууга бергенден кийин ичине эмеректерди жана азык-түлүктөрдү дагы алып беришти. Элнура Баратахунова жолдошу Сапарбек Тилебалдиев өткөн жылы каза болгондон кийин 3 баласы менен вагондо жашап келген», - деди Ж.Абдраев.

Ал мындай кайрымдуулук иштерди айыл тургуну Аваз Жунушев демилгелеп, аны жергиликтүү тургундар колдоого алып, көмөк көрсөтүп жатышканын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×