Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ош облусу, Ош 14.10.2019 18:58 На русском

Ошто 16 жана 24 жаштагы кыздар өз өмүрүнө кол салып, ооруканага жеткирилди

Turmush -  Ош шаарында 16 жана 24 жаштагы кыздар көп өлчөмдө дары ичип, ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, 2003-жылы туулган кыз 10-октябрь күнү, 1995-жылы туулган кыз 13-октябрь күнү өз өмүрүнө кол салышкан. Алар ооруканага жеткирилген.

Аталган окуяларды Ош ШИИБ тастыктап, учурда кыздардын дары ичкенине эмне себеп болгону такталып жатканын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×