Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.10.2019 12:26 На русском

Жеңеке: Кош бойлуу Чолпон талгагын кандырам деп бир кесипке ээ болгон

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 25 жаштагы тургуну Чолпон Ракышова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кыргызстан эл аралык университетинде юриспруденция жана эл аралык укук боюнча билим алган. 23 жашында турмушка чыккан.

«Жолдошум Бакыт Амангелдиев 1994-жылы Барскоон айылында төрөлгөн. Экөөбүз бир класста окуганбыз. Ал мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүндө билим алып, өзү Россияга иштегени кетти. Экөөбүз башында дос болчубуз. Кыргызстанда болгон жаңылыктарды менден сурап, экөөбүз дайыма сүйлөшүп турчубуз. Бир күнү ал мага "Кыргызстанга барганда сага үйлөнөм" деди. Мен аны тамашалап жатат экен деп ойлоп, "келсең сага турмушка чыгам" дедим. Ал Россиядан келгенден кийин ата-энеси менен биздин үйгө колумду сурап келишти. Ата-энем макул болуп, чакан той менен мени узатышты. Эки күндөн кийин Барскоон айылында үлпөт той өткөрдүк», - дейт Чолпон Ракышова.

Ал кош бойлуу кезинде талгак болуп, анын арты менен ашпозчулук кесипке ээ болгонун айтат.

«Кош бойлуу кезимде үйдө жасалган тамакты эмес, башка үйдөгү тамактарды жегим келе берчү. Чоң атамдын, кошунамдын үйүнөн тамак жегим келип, бир нерсени шылтоолоп бара берчүмүн. Бир күнү кайын агабыз келип, чай ичип отурганда келинчеги кесиптик лицейдин кулинария бөлүмүндө мугалим экенин айтты. Алар практика болгон күндөрү түрдүү тамактарды жасай турганын, ошол учурда окуучулар кабыл алынып жатканын айтты. Аны уккандан кийин мен дагы барып жазылдым. Окуу башталганда алгач теория болорун, андан кийин каалоочулар практика катары тамак бышыра турганын айтышты. Сабактан кийин 4-5 кыз калып, куймак куюп, түрдүү таттууларды жасап жүрдүк. Менин талгак болуп жатканымды уккан кыздар мен каалаган тамактарды жасап берип жатышты. Ошентип лицейден курсагымды тойгузуп келчүмүн.

Өзүбүз окугандан тышкары практикада самса жасап, аны сабактан кийин сатып баштадык. Түшкөн каражатка керектүү азык-түлүктөрдү сатып алып, эртеси кайра самса жасап, сатыкка чыгарчубуз. Ошентип жүрүп ашпозчулук кесип боюнча билим алып жүрүп кыздуу болдум», - деди Чолпон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×