Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.10.2019 10:18

Жеңеке: Дунган жигитке турмушка чыккан Р.Мамытова эки элге көпүрө болду

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын тургуну Римма Мамытова. Дунган элине келин болгон кыргыз кызы менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 19 жашында айылдашы Байыр Власановго турмушка чыккан.

«Кайын энем кезинде айылдын алдыңкы келиндеринин бири болгон экен. Ал убакта кыргыз кызына үйлөн дунган жигиттери чанда гана болгон. Ошого карабай, жолдошумдун ата-энеси каршылык көрсөткөн эмес. Келин болгондон кийин кыргыздын салты боюнча жүгүнүп, каада-салттарды урматтап, эки элдин ортосуна көпүрө болдум. Дунган эли эмгекчил жана меймандос келет. Алар той-аштарда ар түрдүү тамактарды бирге камдашат. Келин болуп келгенден кийин дунган элиндеги улуттук тамак-аштарды жасаганды үйрөндүм. Азыр үй-бүлөдө лагман, ашлян-фу, фунчоза сыяктуу бир нече тамактардын түрүн жасайбыз», - деди Римма Мамытова.

Ал 1981-жылы Ырдык айылындагы Юсуп Хазрети атындагы орто мектепке мугалим болуп кирип, ошол жылдан бери иштейт. Учурда директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары кызматын аркалайт. Кыргыз, дунган, орус жана кытай тилдеринде эркин сүйлөгөн Римма Мамытова «Билим берүүнүн отличниги» наамына ээ болгон.

«Жолдошум Байыр менен 40 жыл өмүр сүрүп, 3 баланы тарбияладык. Уулум Солман 1979-жылы туулган. Кыздарым Соогүян 1980-жылы, кичүү кызым Сания 1983-жылы төрөлгөн. Уулумдун келинчеги кыргыз улутунан, учурда неберелерибизди тарбиялап, эки улуттун каада-салтын бирдей үйрөтөбүз», - деди Р.Мамытова.

Ырдык айылында 3050 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×