Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.10.2019 12:46

Жети-Өгүздүн тургуну сүннөт тойдо байгеге 15 майда мал койду. Сүрөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну Анарбек Бексултан уулу эки баласын сүннөткө отургузуп, анын урматына көк бөрү боюнча мелдеш өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ырдык айыл аймагынын башчысы Аскат Дыйканбаевдин айтымында, мелдеш жаштар арасындагы ынтымакты бекемдөө, улуттук оюндарды жайылтуу максатында дагы уюштурулуп, байгеге той ээси 15 майда мал койгон.

«Айыл тургуну Шергазы жана Тагай аттуу эки уулун сүннөткө отургузуп, элден бата алды. Анын урматына көк бөрү мелдешин уюштуруп, байгеге 15 баш майда мал койду. Мелдешке 13 команда катышты. Соңунда жеңүүчүлөргө мал-жандыктар берилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×