Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.10.2019 15:24

Москвадагы кыргыз ишкерлер кичи мекенине жардам берүүгө даяр (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 16-октябрда мекендештердин жолугушуусу өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жолугушуу Кызыл-Суу айылында Бообек Ибраев атындагы маданият үйүндө өттү. Анда чет өлкөлөрдө иштеген мекендештер кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын бекемдөө багытында жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле Москва шаарында түзүлгөн «Ысык-Көл» коомунун мүчөлөрү аймактарды өнүктүрүү иштерине активдүү катышып жатканы белгиленди. Мекендештер аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берип келишет.

«Ысык-Көл» коомунун администратору Айжан Акунованын айтымында, Россиядагы мекендештер Ысык-Көл облусуна жана туулган айылдарына дагы жардам берүүгө даяр.

Райондун акими Мурат Раматов жана райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Турдубек Ишебаев райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуп жаткан мекендештерге ыраазычылык билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×